Бишкек, 29.11.25 /Кабар/. Өлкөдө шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Анда белгиленгендей, добуш берүүнүн бул түрү - шайлоого бир күн калганда, саат 08:00ден 20:00гө чейин, шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт.
Шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү мүмкүнчүлүгү ден соолугунан, жаш курагынан же башка себептерден улам участокко бара албаган жарандар үчүн каралган.
Жалпысынан өлкө боюнча 2 492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1 324 шайлоо комиссиясына 10 329 арыз келип түшкөн.
Алардин ичинен:
- жаш курагы боюнча – 3 511; майыптыгы боюнча – 2 134;
- ден соолугуна байланыштуу – 4 008;
- айрым категориялардын өкүлдөрүнөн – 676.
Белгилей кетсек, бул мүмкүнчүлүк төмөндөгү жарандар үчүн уюштурулган:
- Ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар.
- Ооруканаларда жаткан шайлоочулар.
- Шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда кармалгандар.
- Алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашагандар.
- Аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөндөр.
- Ички иштер органдарынын кызматкерлери (шайлоо күнү кызматта болгондор).
- Жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар (мисалы: фабрика, завод, энергия өндүрүшү ж.б.).
- Вахта ыкмасында иштеген кызматкерлер.
- Үй камагында турган референдумдун катышуучулары.
- Добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардан алыс жерлерде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери.