Өлкөдө сел жүрүү коркунучу жогору - ӨКМ

Коом 16 сентябрь 2025 14:12
Өлкөдө сел жүрүү коркунучу жогору - ӨКМ

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. 17-сентябрдан 19-сентябрга чейин республика боюнча локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоосу мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта, дарыя жээктеринде эс алууну башка күнгө пландоону сунуштап, арык-каналдарды тазалап, жамгырдан топтолгон кыян сууларынын агып өтүүсүнө жол ачууну экертет.