Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу. Кандай документтер керектелет?

Коом Загрузка... 02 Апрель 2025 11:04
WhatsApp Image 2025-04-02 at 07.43.47.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталды. “Биринчи радионун” түз эфиринде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттигинин бөлүм башчысы Бакыт Насиров мыйзамдаштыруудагы керектелүүчү документтерди жана анын жол-жобосу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, айдоочулар алгач лабораторияга кайрылып, транспорт каражатын концепциясынын коопсуздугу тууралуу күбөлүк, андан соң унаанын чек арадан өткөндүгү тууралуу маалымкат алуусу зарыл.

“Тагыраагы унаа 31-декабрга чейин киргенин тастыктоочу документтин болуусу шарт. Ушул документтердин баары даяр болгондо, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттигинин бөлүм секторлоруна кайрылуулары керек. Агенттиктин кызматкерлери унааны каттоодон мурда унааны жалпы текшерүүдөн өткөрүшөт. Кароодон өткөрүлгөн унаанын ээси, агенттиктин кызматкери менен милдеттенме толтурат”,-деди ал.

Насиров белгилегендей, аталган милдеттенмеде унаанын мыйзамдуу экенин тастыктоочу бир нече пункттар болот.

“Унаанын ээси өзүнүн жоопкерчилигине алуу менен ар бир пункту толтуруусу зарыл. Ушул милдеттенмеде төлөм жүргүзө турган QR код да болот. Төлөмдүн суммасы ал жерде көрсөтүлгөн. Каалаган мобилдик тиркеме аркылуу төлөм жүргүзүүгө болот. Төлөм жүргүзүлгөндөн соң, аларга номер жана техпаспорт берилет. Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, бул унаалардын ээсине 10-регион берилет. 10-регионду алган унааларды кайра каттоого, чет өлкөгө алып чыгууга жана такси кызматына колдонууга тыюу салынат. Эгерде каттоо өткөндөн кийин көрсөтүлгөн пункттар бузулган болсо, же мыйзам бузуу аныкталса биринчи талап боюнча алар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берилет”,-деди ал.