Бишкек, 02.04.25. /Кабар/.Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттигинин айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Жунусов “Биринчи радионун” түз эфиринде чет элдик номерлүү унааларды кандай учурда мыйзамдаштырууга тыюу салынарын айтып берди.
Анын айтымында, чет элдик номерлүү унаалар төмөнкү үч учурда мыйзмадаштырылбайт:
-транспорт каражаты издөөдө жүргөн болсо;
-транспорт каражаты өлкөгө 2024-жылдын 31-декабрынан кийин алынып келинсе;
-транспорт каражатынын чет мамлекеттик каттоочу белгилери жок болсо.
“Бул учурларда агенттиктин аймактык бөлүм секторлорунун кызамткерлери тарабынан легалдаштырууга тыюу салынат”,-деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда күн мурун чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталды. Мыйзамдаштыруу 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат.