Чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу. Мамлекеттик банктар насыя берүүгө даяр

Коом Загрузка... 03 Апрель 2025 10:40
1583429283_0_160_30.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Мамлекеттик банктар чет элдик номерлүү унааларды легалдаштырууга байланыштуу жарандарга бир жолку жыйымды төлөө үчүн насыя берүүгө даяр. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, банктар 100 миң сом өлчөмүндө насыя берүүгө даяр.

“Бул чечим чет элдик номерлүү транспорт каражаттарын легалдаштырууга байланыштуу административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнүн алкагында кабыл алынды, бул легалдаштыруу процессин тездетүүгө жардам берет”, - деп айтылат маалыматта.