Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталды

Коом Загрузка... 01 Апрель 2025 13:30
------2025-03-06T12.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамдаштыруу 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат жана төмөнкү үч этаптан турат:

  • Биринчи этап - укук белгилөөчү документтер болгон учурда, чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу.
  • Экинчи этап – тиешелүү техникалык абалындагы, укуктуу документи жок унааларды мыйзамдаштыруу.
  • Үчүнчү этап - менчик ээлерине укук белгилөөчү документтери жок (запастык бөлүктөргө сатуу, өлкөдөн алып чыгуу, утилдештирүү ж.б.) транспорт каражаттарын ээликтен ажыратуу мүмкүнчүлүгүн берүү.

Учурда легалдаштыруу жол-жобосу мамлекеттик агенттиктин бардык аймактык бөлүмдөрүндө биринчи этапка кирген унаалар үчүн бар. Мыйзамдаштыруунун экинчи этабы болжолдуу түрдө май айында башталат.