Өлкөдө айрым мамлекеттик мекемелерди жоюу пландалууда - Аяз Баетов

Коом Загрузка... 25 Март 2025 16:14
WhatsApp Image 2025-03-25 at 16.09.29.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Өлкөдө айрым мамлекеттик мекемелерди жоюу пландалып жатат. Бул тууралуу юстиция министри, Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун директору Аяз Баетов “Ынтымак Ордодо” өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул иш-аракеттер Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу түзүмүнүн натыйжалуулугун арттыруу жана бюрократияны азайтуу максатында жүргүзүлүүдө. Бирок азырынча кайсы мамлекеттик органдар жоюлары тууралуу маалымат берилген жок.

Буга чейин 10-мартта өкмөт 6 айдын ичинде мамлекеттик башкарууну кескин реформалап, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялап, бул ишти көзөмөлдөөгө Аяз Баетовду дайындаган.

Ал эми 26-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген атайын комиссиянын отурумунда 45ке жакын чечим анын ичинде 30га жакын жаңы мыйзам долбоору сунушталат деп күтүлүүдө.