Өлкөдө 55 миңден ашуун үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөйт

Коом Загрузка... 10 Март 2025 18:00
dd0c3fad9ee6f311.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда 55 миң 494 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер менен төлөшөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, 2022-жылдан тарта президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ай сайын берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына жеңилдетилген тариф түрүндө кошумча социалдык колдоо көрсөтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, айына 700 кВт/саатка чейин электр энергиясын керектөөдө тариф 50 тыйынды түзгөн. Ал эми Кыргызстанда 2024-жылдын май айынан тарта электр энергиясына тарифтер көтөрүлгөнүнө байланыштуу бул үй-бүлөлөр 55,4 тыйындан төлөй башташты.

2025-жылдын 1-февралына карата «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган үй-бүлөлөрдүн саны 58,4 үй-бүлөнү түзөт. Электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер түрүндө даректүү социалдык колдоо "үй-бүлөгө көмөк" ай сайын берилүүчү жөлөк пул алган 55494 аз камсыз болгон үй-бүлөгө көрсөтүлдү, бул 94,9%ды түзөт.

Ал эми аз камсыз болгон калган үй-бүлөлөрдүн жеңилдетилген тарифтерди албай жатышынын негизги себеби — ижарага алынган батирлерде, өндүрүштүк жайларда жашагандыктан электр энергиясына жеке эсептердин жоктугу, ошондой эле электр жарыгысыз жашаган үй-бүлөлөр ( электр зымдары жок курулуштарда, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө) болуп саналат.

Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктары тарабынан үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.