Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Өлкөдө 26 миң гектардан ашык аянтта алма өстүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, быйыл Кыргызстанда болжол менен 179,4 миң тонна алма өндүрүлүшү күтүлүүдө. Республика боюнча мөмө берип жаткан алма бактарынын жалпы аянты 26,3 миң гектарды түзөт.