Бишкек, 28. 02.25. /Кабар/. Өлкөдө "үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөк пул алуучулардын саны 58,4 миң үй-бүлөнү түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө ар айлык чегерүүнүн жоболору каралган. Ага ылайык, жөлөк пул үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн аз болгон шартта дайындалат.
Жөлөк пулдун бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Бүгүнкү күнү кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сом, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулдун өлчөмү ар бир балага 1200 сомду түзөт.
Ал эми бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулдун өлчөмү, тийиштүү райондук коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө бала 16 жашка чыкканга чейин гана дайындалат.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо маселелери боюнча толук маалымат жана консультация алуу үчүн жарандар социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат.
Үстүбүздөгү жылдын 1-февралына карата “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөк пул алуучулардын саны 207,9 миң баланы, же 58,4 миң үй-бүлөнү түздү.