Өлкө ИДПсы январь-августта 1 трлн 396,8 млрд сомду түздү

Экономика 14 сентябрь 2026 18:40
Өлкө ИДПсы январь-августта 1 трлн 396,8 млрд сомду түздү
copyright icon Кабар

Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продукциясы 2026-жылдын январь-август айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

ИДПнын өсүшү товар өндүрүү тармактарынын, кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жана продукцияга салынган таза салыктардын өсүшүнүн эсебинен камсыздалды. Атап айтканда, товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 18,6%, кызмат көрсөтүү тармактарында 6,3%, продукцияга салынган таза салыктар 11% өстү.

ИДПнын түзүмүндө кызмат көрсөтүү тармактарынын үлүшү 49,2% болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайыздык пунктка азайды. Ал эми товар өндүрүү тармактарынын үлүшү 34,7% түзүп, 2,7 пайыздык пунктка өстү.

Мындан тышкары, курулуш тармагынын ИДПдагы үлүшү 2 пайыздык пунктка, өнөр жайдын үлүшү 1,2 пайыздык пунктка көбөйдү. Ал эми айыл чарбасынын үлүшү 0,5 пайыздык пунктка кыскарды.

Маалымат үчүн: 2026-жылдын январь-август айларында ИДПнын экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча түзүмү да жарыяланды.