Бишкек, 05.01.26 /Кабар/. Өлкө башчысы Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде быйылкы жылы үч шаарда курула турган мектептер тууралуу айтты.
Анын айтымында, мектептер Бишкек, Ош жана Манас шаарларында курулмакчы.
“Жаңы жылда ордо калаабызда 20 мектеп, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 мектеп салынат. Мектептердин курулушу февраль айында башталып, сентябрь айында бүткөрүлөт.
Дал ушул үч шаарда мектептерге муктаждык көбүрөөк болууда. Ошентип, мектеп маселеси этап-этабы менен чечилет.
Мындан сырткары, учурда жалпы өлкө боюнча курулуштары ар кыл стадияда турган 216 мектеп жана 107 бала бакча бар.
2026-жылы алардын жарымы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет деп турабыз”,-деди ал.