Ноокаттагы IT адистери жүк ташуу тармагында АКШ менен түз иштешүүдө

Жогорку Кеңеш 1395 26 Январь 2026 16:16
tusample1.jpg
1061537218_0_0_985_657_600x0_80_0_0_be8c42a04e2c8c5720edb379af76781f.jpg
Алдыга
Артка
tusample1.jpg
1061537218_0_0_985_657_600x0_80_0_0_be8c42a04e2c8c5720edb379af76781f.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу өлкө аймактарындагы, өзгөчө Ноокат районундагы IT тармагына кызыккан жаштарды колдоо маселесин көтөрдү. Эл өкүлү көптөгөн таланттуу жаштардын борборго келип окууга жана жашоого шарты жок экенин баса белгиледи.

Бул суроого Жогорку технологиялар паркынын директору Азис Абакиров жооп берип, учурда аймактарда, анын ичинде Ноокатта жана Ош шаарында ири логистикалык IT-компаниялар ийгиликтүү иштеп жатканын маалымдады.

“Ноокат районунда жана Ош шаарында чоң ири компаниялар жайгашкан. Алар диспетчерлик кызмат көрсөтүшөт. Америка менен иштеп, англис тилинде трактарды, жүктөрдү издеп, ошолорго багыттама берип ишмердүүлүк кылган бул компаниялар 100дөн ашык жумуш орундарын камсыз кылды”,- деди ал.

Ошондой эле, ал өлкө боюнча райондорго чейин жеке жана мамлекеттик IT-академиялар ачылганын, ал жерде жаштар бир жылдын ичинде адистикке ээ болуп, Кыргызстандан чыкпай туруп дүйнө жүзү боюнча иштей алышарын кошумчалады.