Ливиянын жээгинен 1 млн баррел мунай ташып бара жаткан танкер жарылды

Дүйнө Загрузка... 01 Июль 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-07-01 at 09.13.26.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 1.07.25 /Кабар/. Ливиянын жээгинен 1 млн баррел мунай ташып бара жаткан танкер жарылып, анын машиналык бөлүгү суу алдында калды. Бул тууралуу Коммерсант билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, жогоруда аталган танкер TMS Tankers компаниясына таандык. Жарылуунун себептери азырынча белгисиз. Танкер азыр буксир менен Грецияга жеткирилүүдө.

“Бул танкер апрель айынан бери Россиянын Усть-Луга портунан эки жолу өткөн. Казакстанга тиешелүү мунайды ташып жүргөн” - деп айтылат маалыматта.