Бишкек, 24.06.26 /Кабар/. Литванын премьер-министри Инга Ругинене жетектеген коалициялык өкмөт дээрлик тогуз айдан кийин отставкага кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында расмий жарыяланганын, Казинформ билдирет.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн кетиши Литванын Социал-демократиялык партиясынын “Неман таңы” партиясы менен болгон союздан чыгуу чечимине байланыштуу болду. Андан соң Социал-демократтар эки башка саясий күч менен жаңы коалиция түзүү боюнча макулдашууга жетишти.
Жаңы коалицияга Литванын дыйкандар, жашылдар жана христиандык үй-бүлөлөр союзу, ошондой эле “Литванын атынан” демократтар союзу кирет. Жаңы өкмөттү Социал-демократтардын лидери Миндаугас Синкявичюс жетектеши күтүлүүдө, ал эми партия негизги министрлик орундарын сактап калат.
Учурдагы премьер-министр Инга Ругинене жетектеген өкмөт 30-июндан тарта расмий түрдө отставкага кетет.
Эске салсак, Социал-демократтар 2024-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Алгач Гинтаутас Палуцкас жетектеген өкмөт 2025-жылы коррупциялык жаңжалдын айынан кызматтан кеткен. Андан кийин өкмөттү Инга Ругинене башкарууга өткөн.