Лиссабондо фуникулёр рельстен чыгып, 15 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 04 Сентябрь 2025 09:45
WhatsApp Image 2025-09-04 at 09.42.32.jpeg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 4.09.25 /Кабар/. Португалиянын борбору Лиссабондо «Глория» фуникулёру кырсыкка учурап, 15 адам каза таап, 18дейи жабыркады. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып, Коммерсант жазды.

Маалыматта белгиленгендей, шаар бийлиги каза болгондордун арасында чет өлкөлүк жарандар бар экенин билдирди. Учурда кырсыктын себептери такталууда.

«Глория» фуникулёр шаардагы тик көчөлөрдү бириктирип турган, 100 жылдан ашуун тарыхы бар, туристтер көп түшүүчү транспорт. Рельс менен жүрөт жана 40тан ашуун жүргүнчүнү батыра алат. Аны туристтер менен катар жергиликтүү тургундар да көп колдонушат.