Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, аны менен келишим 2025-жылдын июнь айынын аягына чейин түзүлгөн.
КФБ жетекчилиги россиялык адис менен келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматташууну токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды. Башкы машыктыруучу менен кошо анын машыктыруучулук штабы дагы толугу менен кетет.
Бүгүн КФБ биринчи вице-президенти Нурдин Букуев Максим Лисицын жана ал жетектеген машыктыруучулар штабынын бардык мүчөлөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө КФБ жетекчиси кабыл алынган чечимди жеткирип, ошондой эле биримдиктин президенти Камчыбек Ташиевдин жана футбол коомчулугунун атынан, адистин натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Максим Лисицын бул кызматта бир жыл бою иштеп, курама үчүн тарыхый болуп эсептелинген 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундуна жетекчилик кылды. Россиялык адис бул раунддагы күчтүү командалар менен татыктуу оюн көрсөтүп, футболчулар үчүн оюн тажрыйбасын топтоого шарттарды түзө алды. Машыктыруучу жаңы муундун оюнчуларына ишеним артып, аларды командага жуурулуштуруу боюнча кынтыксыз иш жүргүздү. Ал келечектеги боло турган чакырыктарга команданын даярдыгын жакшыртты.