Ли Чжэ Мён Түштүк Кореянын президенти болду

Дүйнө Загрузка... 04 Июнь 2025 09:00
d73dec73-d796-4108-bdf7-eb294e917c7d.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 04.06.25 /Кабар/. Тобуро Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Ли Чжэ Мён шайлоодо жеңишке жетишти. Ал шайлоочулардын 49,4% добушун алды. Бул тууралуу «Рёнхап» агенттиги маалымдаганын коммерсант.ру агенттиги жазды.

Анын атаандашы, «Жарандык күч» партиясынан Ким Мун Су 41,15% добуш алды. Реформа партиясынан Ли Чжун Сок — 8,34%, Эмгек демократиялык партиясынан Квон Ён Гук — 0,98%, ал эми көз карандысыз талапкер Сон Чжин Хо — 0,1% добуш алышты.

Түштүк Кореянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоого катышуу 1997-жылдан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 79%дан ашты. Жалпысынан өлкө боюнча 14 259 шайлоо тилкеси иштеди. Бул көрсөткүчкө мөөнөтүнөн мурда берилген добуштар да кирет. 29–30-май күндөрү өткөн мөөнөтүнөн мурда добуш берүүдө шайлоочулардын 34,74% катышкан.

Бул шайлоо 2024-жылдын декабрында мурдагы президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялангандан кийин дайындалган. Баштапкы планда шайлоо 2027-жылы өтүшү керек болчу.