Үлгүрүп калыңыз! Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу башталды

Коом Загрузка... 15 Январь 2026 13:00
WhatsApp_Image_OBmyQdG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Бүгүн эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу башталды.

Жарандар эми 15-февралга чейин күбөлүктүн жаңысын акысыз алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев белгилегендей, эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт. Болгону жаранда өздүгүн тастыктаган документи жана эски айдоочулук күбөлүгү болушу шарт.

Каныбек Туманбаев кошумчалагандай, жарандардын кезектери жаралбашы үчүн арыз берүү жол-жобосун сактоо зарыл. Айдоочулук күбөлүктөрү санариптештирилбеген жана "Түндүк" системасында көрүнбөгөн жарандар документтерин алмаштыруу үчүн жеке өзү кайрылышы керек. Айдоочулук күбөлүктөрү "Түндүк" системасында көрсөтүлгөн жарандарга борборго барбастан, онлайн режиминде алмаштыруу үчүн арыз берүү сунушталат.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришкендей, бардык филиалдар 12–18-январь күндөрү дем алышсыз иштейт.

Мындан тышкары, “Биримдик” филиалы жана Ош регионалдык бөлүмү жарандарды түнкү саат 01:30га чейин кабыл алат.