Бишкек, 17.07.25./Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев өз аразынын негизинде кызматынан бошотулду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ал эми Ленин районунун жаңы акими болуп, буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары кызматын аркалап келген Тариел Айтиев дайындалды.
Тиешелүү буйруктарга Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кол койду.