Лейлекте 136 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү

Аймак 11 октябрь 2026 14:45
Лейлекте 136 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү
copyright icon WWW

Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда 2021–2026-жылдары жалпы узундугу 136,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу райондун акими Асылбек Жеңишбек президент Садыр Жапаровдун район тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

Анын маалыматына караганда, аткарылган иштердин 77,5 чакырымы республикалык бюджеттин эсебинен оңдолгон мамлекеттик жолдорду түзөт. Ал эми калган 59 чакырым ички жолдорго туура келип, аларды асфальттоо иштери Өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен аяктаган.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапарынын алкагында аймакта ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлор жана аны мындан ары өнүктүрүү келечеги менен таанышууда.