Лейлекте 3 миңден ашык жашоочу таза суу менен камсыз болот

Аймак Загрузка... 17 Март 2026 14:22
586461622469998_big.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Лейлек районунун Мурас айылында таза суу системасын куруу иштери аяктоо алдында турат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада айылдын 3408 тургуну же 537 кожолугу борборлоштурулган таза сууга кошулат.

Учурда 17 чакырымдан ашык суу түтүктөрү тартылып, жаңы резервуарлар жана заманбап тазалоочу курулмалар орнотулду. Жаңы система сууну тазалап гана бербестен, аны натыйжалуу башкарууга жана санитардык талаптарга толук жооп берүүгө шарт түзөт.

Курулуш "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" программасынын алкагында жүрүүдө.