Лейлекте 3 миңден ашуун тургун ичүүчү таза суу менен камсыз болот

Аймак 23 Февраль 2026 11:45
IMG_6019.JPG
IMG_6018.JPG
IMG_6017.JPG
IMG_6016.JPG
IMG_6015.JPG
IMG_6014.JPG
IMG_6013.JPG
Алдыга
Артка
IMG_6019.JPG
IMG_6018.JPG
IMG_6017.JPG
IMG_6016.JPG
IMG_6015.JPG
IMG_6014.JPG
IMG_6013.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Лейлек районунун Мурас айылында ичүүчү таза суу менен камсыздоо системасын куруу иштери аяктоо алдында турат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, курулуш иштери "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Учурда иштер аяктоо алдында турат, жакынкы аралыкта айылдын 3 миңден ашуун тургуну таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот.

Долбоордун алкагында 17 чакырым суу түтүктөрү тартылып, жаңы резервуарлар жана хлоратордук курулмалар орнотулду.