Өрүкзарлар эми тамчылатып сугарылат: Лейлекте 100 га жер заманбап системага өттү

Аймак Загрузка... 26 Февраль 2026 13:38
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Лейлек районундагы Кең-Талаа айыл аймагында 100 гектар жерге заманбап тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн көлөмү 12 миң куб метр болгон суу резервуары курулду. Учурда "Аракет" кооперативи тарабынан бөлүнгөн 36 гектар аянтка Түркия жана Өзбекстандан алып келинген өрүктүн жогорку сапаттагы "Приция" жана "Вандеркот" сорттору отургузулууда.

Жаңы технологиянын артыкчылыктары:

  • салттуу ыкмаларга караганда суу 40-60 пайызга чейин үнөмдөлөт.
  • нымдуулук түз тамырга жеткендиктен, түшүмдүүлүк 20-50 пайызга жогорулайт.
  • өсүмдүк бир калыпта өсүп, экспортко багытталган сапаттуу продукция алууга шарт түзүлөт.