Лейлекте 1 шаар жана 13 айыл аймагы таза суу менен камсыздалат

Аймак 11 октябрь 2026 14:40
Лейлекте 1 шаар жана 13 айыл аймагы таза суу менен камсыздалат
copyright icon Www

Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу райондун акими Асылбек Жеңишбек президент Садыр Жапаровдун район тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

Маалым болгондой, таза суу менен камсыздоо долбоору бир шаарды жана 13 айыл аймагын камтыйт. Анын жалпы наркы 999,7 млн сомду түзөт. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири болуп саналат.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймакта аткарылып жаткан иштер жана аны мындан ары өнүктүрүү келечеги тууралуу маалымат менен таанышууда.