Лебединовка ГЭСинде реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери жүрөт

Коом Загрузка... 18 Февраль 2025 13:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Лебединовка ГЭСинде реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери жүрөт.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, станциянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылдын 3-мартында КР, ОАО «Чакан ГЭС» жана ЕРӨБ (ЕБРР) ортосунда “ЛГЭСтин Реконструкциялоо долбоору” боюнча 13,8 млн евро суммасында кредиттик жана гранттык макулдашууларга кол коюлган.

Долбоордун максаты:
• Кубаттуулукту 7,6 МВттан 9,2 МВтка жогорулатуу;
• Жылдык электр энергиясын өндүрүүнү 56%ке көбөйтүү – 53,5 млн кВт·с чейин;
• Станциянын КПДсын 90%ке чейин жогорулатуу;
• ГЭСтин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;
• Станциянын иштөө мөөнөтүн 30–40 жылга узартуу.

2024-жылдын 29-мартында «Чакан ГЭС» ААК менен «Көз Карандысыз Инженерлер Тобу» ЖЧК тендердик документацияны жана техникалык тапшырманы даярдоо, ошондой эле долбоорду көзөмөлдөө боюнча консультациялык кызмат көрсөтүү үчүн келишим түзгөн. Учурда подрядчикти тандоо процесси жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, реконструкция 2027-жылдын аягына чейин аякташы күтүлүүдө.

Эске салсак, Лебединовка ГЭСи 1943-жылы ишке берилген. Орточо жылдык өндүрүмү 33 млн кВт саатты түзөт.