Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жаңы көпүрө ачылат

Коом Загрузка... 02 Апрель 2026 10:30
659223597_958514053242630_6703403169645635435_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Бишкектеги Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка — ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, узундугу 5,1 чакырымды түзгөн бул тилкеде учурда жол четине тротуарларды салуу, тосмолорду жана лотокторду орнотуу, ошондой эле Чоң Чүй каналынан өткөн жолду оңдоп-түзөө иштери аткарылууда. Аны менен катар Жибек Жолунан Чоң Чүй каналына чейинки 400 метр аралыкта жолдун негизги катмарын төшөө иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейүүдө. Ошондой эле көпүрө кеңейтилет. Ага кошумча жөө жүргүнчүлөр үчүн дагы жаңы көпүрө курулуп, май айында толугу менен колдонууга берилет.