Лаос ШКУ менен кызматташуунун төрт негизги багытын сунуштады

ШКУ 1 сентябрь 2026 18:05
Лаос ШКУ менен кызматташуунун төрт негизги багытын сунуштады
copyright icon WWW

Бишкек, 01.09.26 /Кабар/. Лаос Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташуунун төрт негизги багытын сунуштады. Алар заманбап айыл чарбасы, санариптик трансформация, транспорт жана байланыштуулукту өнүктүрүү, ошондой эле каржылык кызматташтыкты камтыйт.

Лаостун президенти Тхонглун Сисулит бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн "ШКУ плюс" форматындагы жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Лаос Бириккен Улуттар Уюмунун уставындагы мамлекеттердин тең укуктуулугу, эгемендүүлүктү урматтоо, ички иштерге кийлигишпөө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык принциптерин ырааттуу колдойт.

Ал Лаос ШКУну БУУнун ролун бекемдөөгө жана жогорулатууга көмөктөшкөн маанилүү кызматташтык механизми катары карай турганын белгиледи.

Президент биринчи багыт катары заманбап айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты атады. Анын сөзүнө караганда, бул азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, технологияларды өткөрүп берүүгө, өндүрүштүк-сатуу чынжырларын өнүктүрүүгө, ошондой эле өз ара пайдалуу соода жана инвестицияларды кеңейтүүгө өбөлгө түзүшү керек.

Экинчи багыт катары Сисулит санариптик трансформацияны белгиледи. Бул санариптик инфраструктураны, санариптик сооданы, жасалма интеллектти жана киберкоопсуздукту өнүктүрүүнү, ошондой эле санариптик ажырымды кыскартууну камтыйт.

Үчүнчү багыт — транспортту жана байланыштуулукту өнүктүрүү. Анын айтымында, транспорттук жана логистикалык системаларды өнүктүрүп, бажы жана соода жол-жоболорун жеңилдетүү зарыл.

Сисулит Лаос деңизге чыга албаган өлкөдөн ар түрдүү транспорттук каттамдарды жана аймактарды бириктирген, АСЕАН менен Евразиянын ортосундагы көпүрө болгон мамлекетке айланууга умтулуп жатканын белгиледи.

Төртүнчү багыт катары Лаостун президенти каржылык кызматташтыкты атады. Ал каржы жана банк системаларын интеграциялоону, ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнү колдоону, улуттук валюталарды пайдаланууну кеңейтүүнү, ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүүгө жана аймактык долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөтүүнү камтыйт.

Сисулит Лаос ШКУнун диалог боюнча өнөктөшү катары өз милдеттенмелерин толук аткарууга даяр экенин баса белгиледи.

“Биз АСЕАН менен Евразиянын ортосундагы бардык тармактарда жана бардык деңгээлдерде байланыштарды мындан ары бекемдөөгө жигердүү көмөктөшүү үчүн Шанхай рухун жетекчиликке алабыз жана байланыштыруучу көпүрө катары иш алып барабыз”, — деди Лаостун президенти.