Лабубу оюнчугун чыгарган Ван Нин эң бай адамдардын жүздүгүнө кирди

Дүйнө Загрузка... 29 Август 2025 13:45
WhatsApp Image 2025-08-29 at 12.02.45.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.08.25 /Кабар/. Лабубу оюнчугун чыгарган Pop Mart компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Ван Нин дүйнөдөгү эң бай адамдардын жүздүгүнө кошулду. Бул тууралуу РБК агенттиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Bloomberg агенттигинин рейтингинде ал 85-орунга жайгашып, байлыгы 26,5 млрд долларды түзгөн. Ошондой эле жыл башынан бери анын капиталы 18,8 млрд долларга өскөн.

Аталган рейтинг боюнча алдыңкы орундарда - америкалык ишкер Илон Маск, Oracle корпорациясынын төрагасы Ларри Эллисон жана үчүнчү орунда Meta компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг турат.

Лабубу (Labubu) – бул коллекциялык бренд оюнчук. Аны Гонконгдук сүрөтчү Кэсин Лунг ойлоп тапкан. Чектелген тираж менен чыгарылгандыктан өтө чоң суроо-талапка ээ. Ал Кытайда, Кореяда, Японияда жана Европа өлкөлөрүндө популярдуу.