Күзүндө Кыргызстанда ТүркПАнын пленардык жыйыны өтөт

Жогорку Кеңеш Загрузка... 12 Март 2026 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Рамил Хасанды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жолугушууда төрага Марлен Маматалиев парламенттик дипломатия аркылуу боордош элдердин алакасын чыңдоо учур талабы экенин белгиледи.

"Андыктан Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы да бардык түрк мамлекеттеринин парламенттери менен тыгыз кызматташып, Ассамблеянын алкагындагы биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдарбыз", – деди ал.

Ошондой эле быйыл күздө ТүркПАнын кезектеги пленардык жыйыны Кыргызстанда өтөрүн эске салган төрага: "Анда алакаларды ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган маанилүү сүйлөшүүлөр жүрүп, тектеш элдердин кызматташтыгын тереңдетүүгө арналган макулдашууларга жетишебиз деген терең ишеничтемин", – деп кошумчалады.

Өз кезегинде ТүркПАнын башкы катчысы бирикменин алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор, алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берип, быйыл Кыргызстанда өтө турган жыйынга олуттуу даярдыктар жүргүзүлөрүн билдирди.

Мындан тышкары, ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринин жакында боло турган бейрасмий жолугушуусу тууралуу сөз кылып, анда карала турган маселелерге да учкай токтолду.

Муну менен катар баарлашууда ассамблеянын башка парламенттик уюмдар менен өнөктөштүгүн өнүктүрүү маселеси да көтөрүлүп, чөлкөмдөгү эле эмес, Европа жана Латын Америкадагы парламенттер аралык бирикмелер менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

ТүркПА 2008-жылы түзүлүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын парламенттери мүчөлүк кылат. Ал эми иш-чараларына Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын парламенттеринин өкүлдөрү активдүү катышып келет.