Кызыл-Кыяда суткасына 45 тонна ун чыгарган ишкана ийгиликтүү иштөөдө

Аймак 24 Апрель 2026 17:55
678516452_1501336458026471_405571537300559165_n.jpg
679066753_1501336464693137_821426259434624929_n.jpg
679565633_1501336531359797_1181025218578762424_n.jpg
679687785_1501336571359793_8591159129778458974_n.jpg
681074863_1501336524693131_2531340440940273713_n.jpg
681124824_1501336618026455_6277712264525390599_n.jpg
681286731_1501336461359804_2039897676605206072_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон иш сапарынын алкагында "Кызыл-Кыя уну" ишканасынын өндүрүш ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган ишкананын курулушуна жетекчилиги тарабынан 750 миң доллар көлөмүндө инвестиция салынган. Бүгүнкү күндө ишкана шаардагы туруктуу иштеп жаткан өндүрүш ишканаларынын катарына кирет.

Ун чыгаруучу ишканада учурда 15 жумуш орду түзүлгөн. Ишкананын өндүрүш кубаттуулугу суткасына 45 тонна ун чыгарууга жетет. Өндүрүлгөн продукция негизинен Баткен жана Ош облустарынын аймагында сатылууда.

Мамыржан Рахимов ишкананын өндүрүш процесси, колдонулуп жаткан технологиялар жана даяр продукциянын сапаты менен таанышып, ишкананын ишин мындан ары кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү багытында сунуш-пикирлерин билдирди.

Мындай өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү аймактын экономикасын өнүктүрүүгө, калкты жумуш менен камсыздоого жана жергиликтүү рынокту сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылууга олуттуу салым кошору белгиленди.