Кызыл-Кыяда эгиз балдар төрөлдү

Аймак 18 Декабрь 2025 14:00
601801750_1401821611311290_1635041123034304287_n (1).jpg
597706025_1401821684644616_223138959172812443_n.jpg
601801745_1401821617977956_7042868349607133552_n.jpg
599937423_1401821784644606_4126613290337336972_n.jpg
601811714_1401821734644611_4570887830383335481_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Кызыл-Кыяда эгиз балдар төрөлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, эгиз уулдарды күн мурун, 17-декабрда Махбубахан Кулдашева жарык дүйнөгө алып келген. Учурда эне жана балдардын саламаттыгы жакшы.

Облус башчысы Айбек Шаменов жаңыланган Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүнөн кабар алып, сапарынын алкагында Махбубахан Кулдашеваны куттуктап, белектерин тапшырды. Облус башчысы балдарга узун өмүр, кең келечек каалады.

Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйү республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

Учурда 70 орунга ылайыкталган мекемеде эне жана баланын ден соолугу үчүн бардык керектүү шарттар түзүлгөн.