Кызыл-Кыяда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

Аймак 10 Февраль 2026 14:53
WhatsApp Image 2026-02-10 at 11.23.18.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-10 at 11.23.18 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-10 at 11.23.17.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-02-10 at 11.23.18.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-10 at 11.23.18 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-10 at 11.23.17.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарындагы бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1996-жылы 2200 чарчы метр жер тилкеси менен бирге, жалпы аянты 533,3 чарчы метр болгон бала бакчанын имараты мыйзам бузуу менен "Нур-КМ" акционердик коомунун жеке менчигине өткөрүлүп берилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында социалдык объектинин ээси өзүнүн менчигинин мыйзамсыз экенин түшүнүп, бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин мамлекетке өткөрүп берүү боюнча өз ыктыяры менен кайрылган.

УКМК мыйзамсыз менчикке алынган социалдык объектилерди аныктоо жана кайтаруу иштери уланып жатканын белгилейт.