Кызыл-Кыяда 16 кичи футбол аянтчасынын курулушу аяктоодо

Аймак 9 сентябрь 2026 15:25
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
7.jpg
800934771_18109252601326668_9135523684244532595_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
7.jpg
800934771_18109252601326668_9135523684244532595_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында заманбап талаптарга жооп берген 16 кичи футбол аянтчасы курулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда иштердин 90 пайызга жакыны аяктап, объектилерди пайдаланууга берүү алдында турат.

Шаар мэри Бакытбек Кошалиев тиешелүү жетекчилер менен биргеликте курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, объектилердин сапатына жана иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.

"Жаңы аянтчалар өспүрүмдөр менен жаштардын спортко кызыгуусун арттырып, сергек жашоо образын жайылтууга багытталган. Алар жакынкы күндөрү шаар тургундарынын пайдалануусуна берилет",-деп айтылат маалыматта.