Кызыл-Кыяда 100 миң жашоочунун таза суу көйгөйү чечилет

Аймак 24 Апрель 2026 17:45
679475485_1501357054691078_3509348013300478585_n.jpg
678778489_1501357051357745_8760009449701483775_n.jpg
678880831_1501357118024405_2362435113984260838_n.jpg
678961453_1501357028024414_6748901259458356605_n.jpg
680200776_1501357101357740_8565363729208071743_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон иш сапарынын алкагында шаарды таза суу менен камсыздоо долбоорун талкуулады. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Долбоор боюнча Кадамжай районунун Кара-Кыштак айылынан (Исфайрам-Сай дарыясынан) шаарга чейин 25 чакырым аралыкка суу түтүктөрүн тартуу пландалууда.

Суу өз нугу менен агып келет, бул электр энергиясын үнөмдөөгө жана тейлөө чыгымдарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.

Долбоор ишке ашса, 100 миңден ашуун тургун суткасына 24 саат бою үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болот.

Азыркы тапта техникалык-экономикалык негиздеме иштелип жатат. Долбоордук документтерди даярдоого жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом бөлүнгөн.