Кызыл-Кыяда 100 гектар жаңы жерди өздөштүрүүгө шарт түзүлөт

Аймак 03 Февраль 2026 16:26
626863897_1437151881111596_7934678154853392150_n.jpg
627358032_1437151877778263_5333043166749140835_n.jpg
627377453_1437151944444923_6551488880687690702_n.jpg
627673629_1437151941111590_2527785571848218460_n.jpg
627677445_1437151977778253_2413993388413737468_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарындагы "Караван" суткалык жөнгө салуучу бассейни оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, жериликтүү жетекчилер жана суу чарба тармагынын жетекчилери менен суу сактагычты жеринен көрүштү.

Ташбалтаев алдыда бул инженердик курулманы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн долбоорун даярдоону жана сугат мезгили башталганга чейин суу бөлүштүрүүчү жайын жана сугат каналдарын оңдоо жумуштарын бүткөрүүнү тапшырды.

Аталган суткалык жөнгө салынуучу бассейни 600 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылып турат. Ондоп-түзөөдөн өткөндөн кийин дагы 100 гектар жаңы жерди өздөштүрүүгө болот. Кыш мезгилинде 300 миң кубка жакын суу болот, суу сактагыч толук калыбына келтирилсе 1 млн куб суу топтоого болот.