Кызыл-Кыяда 1 млрд сомдук муниципалдык базар курулууда

Аймак 24 Апрель 2026 17:00
680208115_1501326264694157_7471305606063958660_n.jpg
681084943_1501326141360836_7769502972323997409_n (1).jpg
678981392_1501326144694169_6691505933944206994_n.jpg
679103824_1501326151360835_189748222871622540_n.jpg
679218730_1501326241360826_3695172297702386115_n.jpg
679608017_1501326221360828_4727921059767447358_n.jpg
681084943_1501326141360836_7769502972323997409_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында жаңы муниципалдык базар курулууда.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы Мамыржан Рахимов базардын курулушу менен жеринен таанышты.

Аталган долбоор Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдук республикалык бюджеттин алкагында каржыланууда. Анын ичинен 80 млн сом каражат бөлүнүп, базардын аймагында негизги инфраструктуралык иштер аткарылды. Тактап айтканда, ички жолдор, тротуарлар, лотоктор, электр мамычалары орнотулуп, саркынды суу системасы, көмөк чордон, таза суу тармактары тартылып, айланасы тосулду.

Учурда долбоордун кийинки этабын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу каралууда. Бул багытта тиешелүү сынак жарыяланып, инвесторлорду тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, базардын жалпы сметалык баасы 1 млрд сомго чейин бааланууда. Долбоор толук ишке ашкан соң, шаар тургундары үчүн заманбап, ыңгайлуу соода аянтчасы түзүлүп, ишкерлерге кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат.