"Кызмат" мекемеси "Түндүк" тиркемесин ыңгайлуу, заманбап жана ишенимдүү кылууга ниеттенүүдө

Маек Загрузка... 02 Апрель 2025 10:41
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

"Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Урмат Камбаров маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде "Түндүк" мобилдик тиркемесинде күтүлүп жаткан масштабдуу өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Ал жаңы дизайн, кеңейтилген функционал жана жаңы кызматтар кошуларын белгилеп, бул жаңылануу тиркемени колдонуучулар үчүн ыңгайлуураак жана жеткиликтүү кыларын билдирди.

Камбаровдун айтымында, долбоор президенттин колдоосу менен жана президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жеке көзөмөлүндө ишке ашырылууда.

— Акыркы убакта "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жаңыланышы тууралуу көп айтылууда. Кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө?

— Жакынкы мезгилде "Түндүк" толук жаңыланат. Биз жаңы дизайн, өркүндөтүлгөн архитектура жана кеңейтилген функционал үстүндө иштеп жатабыз. Негизги максат — тиркемени ыңгайлуу, заманбап жана ишенимдүү кылуу.

Колдонуучулар санариптик документтерди (аттестаттар, дипломдор, аскердик билет ж.б.) алып, жаңы финансылык кызматтарды колдоно алышат жана мамлекеттик органдар менен тез байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

— Жаңыланган версия качан пайда болот?

— Биз жаңылоону этап-этабы менен киргизип, процесс колдонуучулар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу болушун камсыздайбыз. Толук жаңыланган "Түндүк" келерки жылы жеткиликтүү болот, бирок айрым жаңы функциялар жакынкы айларда эле пайда болот.

— Жаңыланган тиркемени ким иштеп чыгууда?

— "Түндүк" тиркемесинин башкы иштеп чыгуучусу — "Кызмат" мамлекеттик мекемеси. Биздин мекеме мурдагы "Инфокомдун" базасында түзүлүп, бүгүнкү күндө өлкөдөгү негизги санариптик чечимдерди иштеп чыгуу борбору болуп саналат.

Иш президенттин колдоосу менен жана президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жеке көзөмөлүндө жүрүп жатат. Жакында мамлекет башчынын демилгеси менен жаңы IT-блок ачылып, ал санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча негизги аянтчага айланды.

— Жаңылоодо кандай технологиялар колдонулат?

— Биз тиркеменин туруктуулугун, коопсуздугун жана колдонуунун ыңгайлуулугун камсыздай турган алдыңкы IT-чечимдерди киргизип жатабыз. Жаңы архитектура аны ылдам жана ишенимдүү кылып, жаңы функцияларды үзгүлтүксүз кошууга мүмкүнчүлүк берет.

— "Кызмат" дагы кандай санариптик долбоорлорду ишке ашырууда?

— "Кызмат" мамлекеттик кызматтарды жана өлкөнүн IT-инфраструктурасын санариптештирүүдө негизги ролду ойнойт. Биз жарандар жана бизнес үчүн мамлекеттик кызматтарды жакшыртуу жана жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча иш алып барабыз.

Биздин негизги багыттар:

  • • Программалык камсыздоону иштеп чыгуу — бизнес-процесстерди автоматташтыруу үчүн инновациялык технологияларды киргизүү.
  • • Персонификация — мамлекеттик маанидеги документтерди чыгаруу.
  • • Калкка кызмат көрсөтүү — Калкты тейлөө борборлорун (КТБ) өнүктүрүү менен мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу.
  • • G-Cloud — мамлекеттик булуттук платформаны түзүү жана өнүктүрүү.

Учурда 110 долбоор жана модуль ишке ашырылып жатат: алардын 71и (68,3%) ишке киргизилген, 30у (28,8%) иштелип чыгууда, ал эми 3 долбоор (2,9%) убактылуу токтотулган. Ошондой эле 60тан ашуун долбоор жана модуль жаңыртылууда. IT-долбоорлордун көбү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда, анын ичинде муниципалдык органдарда ишке киргизилген.

"Кызмат" өлкө боюнча 37 Калкты тейлөө борборун (КТБ) башкарат, бул мамлекеттик кызматтарды жарандарга жеткиликтүү кылууда чоң роль ойнойт. Жакында Бишкекте "Кызмат" үчүн жети кабаттуу жаңы имараттын курулушу башталды. Бул комплексте бардык ири шаардык КТБлар жана Мамлекеттик персонификация борбору бириктирилет. Имараттын жалпы аянты 20 миң чарчы метрден ашып, күнүнө 5000 адамга чейин тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Кызмат" мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү, инновациялык IT-чечимдерди киргизүүнү жана калкты тейлөөнү жакшыртууну көздөйт.

Биз ишенебиз, президенттин жана президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин колдоосу менен өлкө санариптештирүү боюнча жаңы сапаттык деңгээлге чыгат.