Кытай парламентинин төрагасы расмий сапар менен Кыргызстанга келди

Жогорку Кеңеш 5922 23 Июль 2025 13:15
518406128_1059845396328682_6208301876617632008_n.jpg
518407035_1059845309662024_8460942330479831349_n.jpg
518408986_1059845432995345_1145882365306445268_n.jpg
518414242_1059845266328695_7946934928836527639_n.jpg
522998366_1059845306328691_5315156491625663879_n.jpg
523537278_1059845482995340_6821072782498528689_n.jpg
518397012_1059845366328685_53982517037415521_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Мартабалуу мейманды "Манас" эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кытай менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында бир катар иш-чаралар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар белгиленген. Атап айтсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.