Кытайдын түштүгүндөгү селден улам 40 миң киши эвакуацияланды

Дүйнө Загрузка... 25 Июнь 2025 08:55
7dcb1d69-b46b-4258-b165-911517f6f532.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Кытайдын түштүгүндөгү селден улам 40 миң киши эвакуацияланды.

ССТV жазгандай, кеминде 150 адам жабыркады.

Жунцзянда көчөлөрдү суу каптап, жол кыймылына тоскоолдук жаралды. Кээ бир жерлерде суунун деңгээли 3 метрге чейин көтөрүлдү. Абанын температурасы аймакта +35°ка жетүүдө.

Коммерсант гезити маалымдагандай, Гуйчжоу провинциясынын Жунцзян уездиндеги сел акыркы 30 жыл ичинде эң күчтүү болду деп айтылууда.

Суу ташкын сезондук жаан-чачындан улам көбөйдү.