Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси-Чжуан автономдуу районунун Наньнин шаарында болгон суу ташкынынан 39 адам каза болуп, дагы 9 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында Хэнчжоу уездиндеги Люлань суу сактагычындагы дамбанын жарылышынан улам көз жумган 26 адам да бар.
Буга чейин Гуанси-Чжуан автономдуу районунун бийлиги суу ташкыны боюнча эскертүүнү эң жогорку кызыл деңгээлге көтөргөн.
Маалым болгондой, 4-июлдан 6-июлга чейин “Майсак” тайфуну өлкөгө катуу жаан-чачындарды алып келген. Анын кесепетинен аймактагы бир катар дарыяларда суунун деңгээли кооптуу чектен ашып, айрым суу сактагычтардагы дамбалар жарылып кеткен.