Бишкек, 21.08.26 /Кабар/. Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси-Чжуан автономдуу районунда "Майсак" тайфунунун кесепетинен орун алган селден улам кеминде 151 адам каза таап, дагы 10 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирет.
Кырсык аймактагы 16 уездде 1,65 миллиондон ашык адамга таасирин тийгизди. Бул маалыматтар 21-августта Наньнин жана Гуйган шаарларында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча өткөн кеңешмелерде айтылды.
Наньнин бийлиги шаардын инфраструктурасын жана калыптуу жашоосун 6-12 айдын ичинде калыбына келтирүүнү пландаштырууда. Ал эми Гуйган шаарында турак үйлөрдү оңдоо, өндүрүштү кайра жандандыруу жана суу сактагычтарды бекемдөө негизги милдеттерден болуп калды.
Июль айынын башында тайфун аймакка нөшөрлөгөн жамгыр алып келип, масштабдуу кырсыктарга, анын ичинде Люлань жана Юньбяо суу сактагычтарындагы дамбалардын жырылышына себеп болгон.