Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Күн мурун Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Сята туристтик аймагында асма көпүрө урап, үстүндөгү 29 адам кулаган. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине таянып, Известия басылмасы билдирди.
Натыйжада 5 адам каза болуп, 22 киши жеңил жаракат алды. Арасынан 2 киши оор абалда ооруканага жеткирилгени айтылат.
Учурда кырсыктын себеби иликтенүүдө. Ал эми Сята аймагы убактылуу жабылды.