Кытайда жарганаттардан жаңы коронавирус табылды

Дүйнө 21 февраль 2025 09:30
Кытайда жарганаттардан жаңы коронавирус табылды

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Кытайда жарганаттардан жаңы коронавирус табылды. Бул тууралуу ТАСС South China Morning гезитине таянып жазды.

Маалыматка караганда, кытайлык вирусологдор тапкан жаңы коронавирус COVID-19'дай эле адамга да жугат.

Жарганаттан табылган вирус Гуанчжоудогу лабораторияда изилденген. Вируска HKU5-CoV-2 деген ат берилди.

Ошол эле маалда вирусологдор кооптонууга негиз жок экендигин, дагы да дыкат изилдөө жүргүзүү талап кылынарын айтышууда.