Кытайда өзгөчө куйруктуу куштун калдыгы табылды

Дүйнө Загрузка... 07 Июль 2026 11:05
WhatsApp Image 2026-07-07 at 11.04.36.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Кытайдын Фуцзянь аймагынан окумуштуулар байыркы куштун жакшы сакталган ташка айланган калдыгын табышты. Бул табылга азыркы куштардын кыска куйругу кандайча пайда болгонун түшүнүүгө жардам бергенин БРИКС ТВ каналына таянып, Казинформ кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, буга чейин илимпоздор куштардын узун куйругу кыскарганбы же куйрук омурткалары кийин биригип, пигостиль деп аталган сөөк түзүлүшүнө айланганбы деген суроого так жооп таба албай келишкен.

Табылган куштун куйругу байыркы түрлөргө салыштырмалуу кыйла кыска болгон. Анда болжол менен 15 омуртка бар экени аныкталган. Бирок бул омурткалар азыркы куштардагыдай болуп биригип кете элек болгон. Мындай өткөөл абалдагы үлгү буга чейин табылган эмес.

Окумуштуулардын айтымында, бул табылга куштардын куйругу акырындык менен өзгөргөнүн далилдейт. Адегенде куйруктун узундугу жана омурткаларынын саны азайып, андан кийин гана алар биригип пигостиль түзүлгөн.

Адистердин пикиринде, куйруктун кыскарышы куштун денесин жеңилдетип, салмак борборун канаттарга жакындаткан. Натыйжада учуу жеңилдеп, абада оңой бурулуп учууга мүмкүнчүлүк жаралган.

Табылган куштун көлөмү да өтө кичинекей болгон. Анын узундугу болжол менен 20 сантиметрди түзүп, салмагы 74–163 граммдын тегерегинде болгон. Бул байыркы айрым куштар бактарда жашоого жана активдүү учууга ыңгайлашып, бат эле майда болуп өзгөргөнүн көрсөтөт.

Фуцзянь аймагынан буга чейин да куйругунун өнүгүүсү ар кандай баскычтагы байыркы куштардын калдыктары табылып келген. Бул болжол менен 161–143 миллион жыл мурда куштардын эволюциясы бир нече багытта жүргөнүн айгинелейт.