Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Кытайлык адистер эненин курсагындагы түйүлдүктүн өпкөсүндөгү шишикти чекиттик микротолкундук абляция ыкмасы менен кичирейтүү боюнча операция жасашты. Бул тууралуу Kazinform маалымдады.
Операцияны Шэньчжэнь шаарындагы Баоань районунун Эне жана бала ден соолугун коргоо ооруканасынын жана Гонконг кытай университетинин дарыгерлеринен турган биргелешкен топ жасаган.
Шишик 40 жаштагы аялдын кош бойлуулугунун 22-жумасында аныкталган. Шишиктин көлөмү болжол менен 5 сантиметр болуп, көкүрөк көңдөйүнүн оң тарабын толугу менен ээлеп, жүрөктү кысып, асцитке — ич көңдөйүнө суюктуктун топтолушуна алып келген.
Адистер жогорку тактыктагы УЗИнин көзөмөлүндө эненин ич капталы жана жатын аркылуу ичке абляциялык ийнени шишиктин өзөгүнө киргизишкен. Микротолкун менен ысытуу процесси эки мүнөткө созулган. Операциядан үч күн өткөндөн кийин шишиктин көлөмү кыйла кичирейип, асциттин белгилери толугу менен жоголгон.
Кош бойлуулуктун 37-жумасында аялга пландуу кесарево операциясы жасалган. Бала 2,9 килограмм салмакта төрөлүп, Апгар шкаласы боюнча 10 баллдын 10ун алган.
Дарыгерлердин маалыматына караганда, бала төрт айлык кезинде оорунун белгилери байкалган эмес жана кайра операция жасоонун зарылдыгы болгон эмес.