Тайфун коркунучу: Кытайда табигый кырсыктар күчөшү ыктымал

Дүйнө Загрузка... 08 Июль 2026 09:15
dbfd8c26-325c-45a5-a221-70c14b2351f1.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Кытайда июль айында кургактыкка чыгуучу же өлкөнүн жээк аймактарына таасир этүүчү тайфундардын саны адаттагыдан көп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кытайдын Улуттук климаттык борборуна таянып, Казинформ агенттиги билдирди.

Адистердин божомолунда, июль айында Тынч океандын түндүк-батыш бөлүгүндө жана Түштүк Кытай деңизинде 4–6 тайфун болушу күтүлүүдө. Алардын айрымдары Кытайдын жээк аймактарына жетип, өлкөгө түздөн-түз таасирин тийгизиши ыктымал. Бул көрсөткүч акыркы жылдардагы июль айынын орточо деңгээлинен жогору.

Улуттук климаттык борбордун өкүлү Юань Цзяшуандын айтымында, күчтүү тайфундардын түндүктү көздөй жылып, Түндүк Кытайга чейин жетүү коркунучу бар. Ушуга байланыштуу тиешелүү кызматтарга катуу жаан-чачынга, суу ташкынына, катуу шамалга жана бороон-чапкынга байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга алдын ала даярдык көрүү сунушталды.

Быйыл Кытайда биринчи болуп "Майса" тайфуну катталып, Хайнань провинциясында катуу шамал менен нөшөрлөгөн жаан алып келди. Айрыкча Гуанси-Чжуан автономдуу районунун айрым аймактарында бир сутканын ичинде 700 миллиметрден ашык жаан жааганы маалымдалды.

Учурда "Майса" тайфуну басаңдаганы менен өлкөнүн түштүк аймактарынан тартып Янцзы дарыясынын орто жана төмөнкү агымына чейинки аймактарда жаан-чачын уланууда.

Ошол эле учурда 2-июлда пайда болгон "Бави" супертайфуну 9-июлдан тартып Кытайдын чыгыш жээгине жетип, катуу шамал жана нөшөрлөгөн жаан алып келиши мүмкүн. Синоптиктердин маалыматына ылайык, ал өлкөнүн ички аймактарына чейин жылып, Янцзы дарыясынын орто жана төмөнкү агымында, ошондой эле Түндүк Кытайда да мол жаан-чачынга себеп болушу ыктымал.

Эске салсак, буга чейин Кытайдын Хубэй провинциясында катуу бороондун кесепетинен сегиз адам каза болгону кабарланган.