Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Кытайда толугу менен гуманоид роботторго арналган биринчи 7S дүкөнү жакында эле Ухань шаарынын соода районунда ачылды. Бул тууралуу Синьхуанын маалыматына таянып БелТА жазды.
Маалыматка караганда, дүкөн конокторду өзүнө тартып гана койбостон, кытай робототехникасынын түз соода борборлоруна кантип чыгып жатканын, өнөр жай жана күнүмдүк керектөөчүлөр үчүн жаңы экосистеманын түзүлгөнүн көрсөтүүдө.
Хубэй провинциясынын гуманоид робот инновациялык борбору тарабынан башкарылуучу дүкөндө кассалык жана бейтаптарды тейлөөдөн баштап, өнөр жайдагы чогултуу жана көңүл ачууга чейинки ар кандай тапшырмаларды аткара алган роботтордун кеңири түрү бар. Бардык продукциялар Хубэйдин жергиликтүү өндүрүш тармагынан алынат.
Коноктор дүкөндөн сатып алуу менен гана чектелбестен, функцияларды ыңгайлаштырып, бирдиктүү кызматтан пайдаланышат.
Ошондой эле балдар адам сымал робот менен футбол ойноп, же роботтордун бокс беттешин көрө алат.