Кытайда гуманоид робот театр алгач ирет докторантурага кабыл алынды

Дүйнө Загрузка... 22 Сентябрь 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-09-22 at 09.35.45.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Кытайда Xueba 01 аттуу гуманоид робот Шанхай театр институтунуна кабыл алынып, докторантурадагы алгачкы робот-студент макамына ээ болду. Бул тууралуу Коммерсант жазды.

Маалыматка ылайык, робот төрт жылдык окуу курсунда сахна өнөрү факультетинде “Санариптик көрсөтүүлөрдүн дизайны” адистиги боюнча билим алат. Ал негизги кыймылдарды, атайын көнүгүүлөрдү жана салттуу кытай операларын аткаруу техникасын өздөштүрөт.

Xueba 01 Шанхай театр институту менен Шанхай политехникалык университети тарабынан биргеликте жасалып чыккан. Долбоордун максаты — мультимодалдык өз ара аракеттенүү, искусство аркылуу ой-пикирди жеткирүү жана когнитивдик өнүгүү боюнча жаңы эксперименталдык окутуу ыкмаларын иштеп чыгуу болуп саналат. Роботтун бою 1,75 метр, салмагы 32 килограммды түзөт. Жаратуучулар ага көк, кыска жеңдүү көйнөк кийгизишкен.

Долбоордун илимий жетекчилеринин бири Ли Цинду билдиргендей, робот 100дөн ашык адамдын бет мимикасын чагылдыра алат. Мындан сырткары, ал бою менен сырткы келбетин жана өзүнүн абалын көрүүчүлөрдүн реакциясына жараша өзгөртө алат. Ошондой эле ал “Хэнань”, “Шанхай” жана “Пекин” операларынан үзүндүлөрдү аткара алат. Бирок анын кыймылдарында эстетикалык ийкемдүүлүк жетишпейт.

Белгилей кетсек, буга чейин Xueba 01 аспирантураны да аяктаган.