Бишкек, 28.05.26 /Кабар/. Ханчжоу шаарында өткөн 8-Кытай эл аралык чай көргөзмөсүндө адам сымал робот чай терүүнү ийгиликтүү көрсөттү. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине таянып, Казинформ кабарлады.
Көргөзмө учурунда робот жакын жердеги чай талаасына барып, чай жалбырактарын жогорку тактык менен терүүнү үйрөнгөн. Атап айтканда, робот лунцзин чайын терди. Ал Кытайдагы эң белгилүү көк чайлардын бири болуп саналат. Демонстрация заманбап технологияларды салттуу тармактарга, анын ичинде чай өндүрүшүнө колдонууга болорун айгинеледи.
Кытай автоматташтырууга жана жасалма интеллект технологияларына өзгөчө көңүл буруп, робототехниканы экономикалык жана технологиялык өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири катары кароодо.
Май айынын башынан тарта роботтор Ханчжоу шаарында жол кыймылын жөнгө салууга да жардам бере баштаган. Мындан тышкары, Кытайда роботторго атайын паспорт берүү системасы да киргизиле баштаганы маалымдалган.